Кыргыз-казак мамилеси: Марлен Маматалиев Рапил Жошыбаевди кабыл алды

Жогорку Кеңеш Загрузка... 16 Март 2026 14:24
3015616.b6bfa5d7b54f7521421502fe586e1def.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Марлен Маматалиев акыркы жылдары эки өлкө башчыларынын саясий эркинин аркасында стратегиялык өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. Жогорку Кеңеш парламенттик дипломатия аркылуу жетишилген келишимдерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Төрага Казакстанда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, ага кыргызстандык депутаттар да байкоочу катары катышканын айтты.

Ошондой эле тараптар эл аралык аянтчалардын (КМШ ПАА, ЖККУ ПА, ТүркПА) алкагындагы кызматташтыкты талкуулады. Төрага быйыл кезектеги Парламенттер аралык кеңештин жыйынын жана күзүндө ТүркПАнын жыйынын Кыргызстанда өткөрүү пландалып жатканын маалымдады.

Рапил Жошыбаев чек арадагы өткөрмө жайларынын ишин жакшыртуу жана соода-логистикалык маселелерди чечүү багытында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда тараптар бир туугандык жана коңшулук мамилелерди бекемдөө багытында активдүү иш алып барууну макулдашты.