Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы “Көк бөрү” аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстандын жана Казакстандын курама командалары күч сынашты.
Оюн 12:0 эсебинде аяктап, кыргыз улакчылары ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздады.
"Кабар" агенттиги аренадагы кыл чайнашкан таймашты жана күйөрмандардын эмоцияларын сүрөттөр аркылуу көрсөтөт.