Кыргыз-казак чек арасындагы 2 өткөрүү пунктунун аталышы жана макамы өзгөрөт

Жогорку Кеңеш Загрузка... 05 Март 2026 12:16
6.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, II окууда кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Элвира Сурабалдиева тааныштырды.

Аталган протоколго ылайык, "Камышановка – автожол" өткөрүү пунктунун аталышын "Төмөнкү Чүй – автожол" деп өзгөртүү, анын макамын эки тараптуу макамдан көп тараптуу (эл аралык) макамга өзгөртүү жана иштөө режимин күндүзгү убакыттан сутка бою иштөө режимине өткөрүү сунушталууда.

Ошондой эле "Кичи-Капка – автожол" өткөрүү пунктунун макамын дагы эки тараптуу макамдан көп тараптуу (эл аралык) макамга өзгөртүү каралган. Бул өткөрүү пункттарынын статусунун өзгөрүшү жагымдуу шарттарды түзүү жана туризмди өнүктүрүү, анын ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну, чет элдик туристтердин агымын жана инфраструктураны жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган.

Мындан тышкары, эл өкүлдөрү "2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Беларусь өкмөтүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

Аталган мыйзам долбоору эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерине ылайык, тиешелүү тараптын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдарды кабыл алууну, чыгарылууга тийиш болгон адамдардын транзитин жеңилдетүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүүнү жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө тыгыз кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган.