Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын 20 жашка чейинки (U20) хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады. Турнир 18-январда Бишкек шаарында башталып, ага алты команда катышууда.
Алгачкы оюнда кыргызстандык хоккейчилер Гонконгдун курама командасы менен беттешти. Оюндун биринчи таймы 0:0, ал эми экинчи таймы 1:1 эсеби менен аяктады. Анда Умар Эгембердиев биринчилерден болуп эсеп ачып, үчүнчү таймда Алихан Али-Аскаров экинчи шайбаны киргизди. Андан кийин Умар Эгембердиев дагы эки жолу атаандаштардын дарбазасына так сокку жасап, жыйынтыгында команданы жеңишке жеткирди.
Натыйжада беттеш 4:1 эсеби менен Кыргызстандын пайдасына аяктап, команда 3 упайга ээ болду.
Кыргызстандын Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Элзар Болотбековдун айтуусу боюнча беттешке Кыргызстан, Кытай, Мексика, Люксембург, Иран жана Түштүк Африка өлкөлөрү катышууда.
“Бүгүн, кечки саат сегизде биздин команда Түштүк Африка менен беттешет. В тайпасын жеңген команда А дивизионуна которулат”,-деп билдирди.
Белгилей кетсек, хоккей боюнча 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизиону (В тайпасы) 24-январга чейин уланат.