Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов дүйнө салды

Коом Загрузка... 14 Март 2026 12:05
WhatsApp Image 2026-03-14 at 09.00.28.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.03.26 /Кабар/. Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов дүйнө салды. Бул тууралуу Жазуучулар союзу билдирди.

Белгиленгендей, “Эмгек баатыры” жогорку наамынын ээси, II даражадагы “Манас” орденинин кавалери, Эл жазуучусу, белгилүү публицист жана коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 89 жашта болгон.

Жазуучу 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылында төрөлгөн. Ал кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири болгон.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 15-мартта саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.