Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйынында польшалык кинопродюсер, “Оскар” сыйлыгынын ээси Збигнев Жмудский Кырчын жайлоосундагы этношаарчаны ушунча кыска убакыт аралыгында курулганына таң калганын билдирди.
Анын айтымында, ага Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын масштабы жана кыска мөөнөттө курулганы өзгөчө таасир калтырган.
“Мен Кырчынга бардым. Ал жерди болгону эки айдын ичинде куруп коюшканына таң калдым. Мисалы, менин “Петя жана карышкыр” тасмама тартуу үчүн курулган декорациялар Кырчынга салыштырмалуу кыйла кичинекей болгонуна карабастан, аларды курууга төрт ай кеткен”, — деди ал.
Жмудский Кыргызстан менен алгач бала кезинде карта аркылуу таанышканын айтып берди. Анын көңүлүн бийик тоолордун арасында жайгашкан Ысык-Көл буруп, көлдү өз көзү менен көрүүнү кыялданган.
“Мен кичинекей кезимде карталарды карап саякаттаганды абдан жакшы көрчүмүн. Ошондо биринчи жолу Кыргызстан деген өлкөнү көргөм. Картадан бийик тоолордун арасында жайгашкан чоң көлдү көрүп, мындай көл ушунчалык бийик жерде кантип жайгашат деп таң калгам. Ошондон тартып аны өз көзүм менен көрүүнү кыялданчумун”, — деди польшалык продюсер.
Анын Кыргызстан менен кийинки таанышуусу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу болгон.
“Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана китептери аркылуу мен Кыргызстан менен экинчи жолу тааныштым. Ал кезде Айтматов Кыргызстанды жана өлкөдө башталган алгачкы өзгөрүүлөрдү, өнүгүүнү сүрөттөгөн”, — деди ал.
Жмудский VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын масштабы жана уюштурулушу жогорку деңгээлде экенин белгилеп, иш-чаранын башкы режиссеру Алтынбек Максутовго ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал Польшадан 37 спортчу оюндарга катышып жатканын айтып, алардын жаа атуу боюнча мелдештерде күч сынашып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, польшалык кинопродюсер Ассоль Молдакматованын Кыргызстанды дүйнөгө таанытуудагы ролун жогору баалаганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Збигнев Жмудский — польшалык кинопродюсер, “Петя жана карышкыр” анимациялык тасмасы үчүн “Оскар” сыйлыгынын ээси, Европа киноиндустриясынын өкүлү.
Эскерте кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Голливуд актерлорунун, кинопродюсерлердин жана эл аралык киноиндустриянын белгилүү өкүлдөрүнүн катышуусунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-конференция өттү.