Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосундагы "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасында этно-базар иштеп, конокторго кыргыздын кол өнөрчүлүгүн, улуттук ашканасын жана маданиятын таанытууда.
Оюндардын медиа штабынан билдиришкендей, этнобазарда кийиз буюмдары, килемдер, шырдактар, улуттук кийимдер, баш кийимдер, сувенирлер жана башка кол эмгектери коюлган. Ошондой эле улуттук тамак-аштар даярдалып, конокторго тартууланууда.
Этнобазарга жергиликтүү тургундар менен катар Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары жана чет элдик меймандар да кызыгуу көрсөтүүдө. Алар кыргыз чеберлери менен баарлашып, кол өнөрчүлүк буюмдары менен таанышып, улуттук тамактардан даам татууда.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Аренада" өттү. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.