Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жайгашкан “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында Баткен облусунун ордосу курулуп, ыр күүлөр жаңырууда.
Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Баткен ордосу өрүкзарлар жана Айгүл гүлүнүн элеси камтылган көркөм композициялар менен жасалгаланган.
Мындан тышкары, аймактын кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери, улуттук тамак-аштары жана Баткендин туристтик мүмкүнчүлүктөрү кеңири тааныштырылууда.