Бишкек, 04.09.26./Кабар/. Кырчын капчыгайынан түшүп келе жаткан учурда жаракат алган 15 жаштагы өспүрүмгө медициналык кызматкерлер тез жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, өспүрүм самокаттан кулап кеткен. Кароо учурунда жабык баш мээ жаракаты, тери алдындагы кан топтолуу жана желке тушунда соккудан алган жараат аныкталган.
“Ошондой эле мээнин жабыркашынын белгилери байкалган. Өспүрүмдүн аң-сезими эс-мас абалында болуп, суроолорго кеч жооп берген. Бирок эс-учун жоготкон эмес”, - деп айтылат маалыматта.
Медициналык бригада тарабынан рентгенологиялык текшерүү жүргүзүлүп, ӨКМдин мобилдик госпиталындагы дарыгерлер зарыл болгон алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшкөн.
Андан соң Тез жардам борборунун бригадасы өспүрүмдү кошумча текшерүүдөн өткөрүү, медициналык байкоо жүргүзүү жана дарылоо үчүн Чолпон-Ата шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирди.