Кырчында “Көчмөндөр ааламы” программасы жыйынтыкталат

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 10:30
Кырчында “Көчмөндөр ааламы” программасы жыйынтыкталат

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. 5-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын расмий маданий программасы жыйынтыкталат. Бул тууралуу оюндардын медиа штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда этношаарчада санитардык күн жарыяланып, аталган аймак жабык болот. Бул күнү санитардык жана техникалык зарыл иштер жүргүзүлөт.

Этношаарча 7-сентябрдан 10-сентябрга чейин кайрадан келүүчүлөр үчүн ачылып, ишин улантат.

Ошондой эле Кырчын жайлоосуна каттаган акысыз шаттл-автобустар каттамдары бүгүн ишин улантат.

“7-сентябрдан тартып акысыз шаттл-автобустардын каттамы токтойт. Бул күндөрү этношаарчага барууну каалагандар жеке транспорт каражаттары менен өз алдынча бара алышат”, — деп айтылат маалыматта.