Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосунда 2-3-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат үстүндө жаа атуу (кыргыз стили) боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Мелдешке 33 өлкөдөн 72 эркек жана 32 өлкөдөн 45 аял спортчу катышты.
Эркектер арасында төмөндөгүдөй:
1-орун — Абзал Тулубеков (Казакстан) — 50 миң сом;
2-орун — Бадер Альтамими (Сауд Аравиясы) — 40 миң сом;
3-орун — Мерген Мирланов (Кыргызстан) — 30 миң сом.
Аялдар арасында төмөндөгүдөй:
1-орун — Гүнбилэг Ганбаатар (Монголия) — 50 миң сом;
2-орун — Анна Сокульска (Польша) — 40 миң сом;
3-орун — Юлия Ложникова (Россия) — 30 миң сом.