Кырчында 9 жаштагы кызга ыкчам медициналык жардам көрсөтүлдү

Ден соолук 2 сентябрь 2026 19:40
792146816_1303605675076228_7122146790356581575_n.jpg
792198799_1410695474330761_7247949273943733246_n.jpg
792459313_3910116039127929_6269939806673184882_n.jpg
793159069_1543965660364403_411728731048877447_n.jpg
790269054_1787277968933113_6222914807484327631_n.jpg
Алдыга
Артка
792146816_1303605675076228_7122146790356581575_n.jpg
792198799_1410695474330761_7247949273943733246_n.jpg
792459313_3910116039127929_6269939806673184882_n.jpg
793159069_1543965660364403_411728731048877447_n.jpg
790269054_1787277968933113_6222914807484327631_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда дем алуусу кыйындаган 9 жаштагы кызга ыкчам медициналык жардам көрсөтүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, тез жардам кызматына кайрылган бейтап жеринде текшерилип, абалына баа берилгенден кийин мобилдик госпиталга жеткирилген.

"Педиатрдын кароосунан соң кыздан алгач ирет бронхиалдык астма аныкталып, абалын турукташтырууга багытталган медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кийин бейтап тар адистердин кароосунан өтүп, дарылоону улантуу үчүн Чолпон-Ата шаарындагы медициналык мекемеге жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан негизги аянтчаларда медициналык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп, катышуучуларга жана конокторго өз убагында жардам көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.