Кырчын жайлоосунда өрт коопсуздук талаптарынын сакталышы текшерилди — Кабар

Кырчын жайлоосунда өрт коопсуздук талаптарынын сакталышы текшерилди

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 11:40
Кырчын жайлоосунда өрт коопсуздук талаптарынын сакталышы текшерилди
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 01.09.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматы Кырчын жайлоосундагы боз үй шаарчасынын өрт коопсуздугуна даярдыгын текшерди.

Анын жүрүшүндө боз үйлөрдө жана башка объектилерде, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын болушу жана алардын жарактуулугу каралды.

Мындан тышкары, жооптуу кызматкерлерге өрт кырсыктарын алдын алуу, өрт чыккан учурда туура аракеттенүү жана өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.