Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосундагы "Көчмөндөр ааламы" этномаданий шаарчасында Баткен облусунун "Баткен" ордосу расмий ачылып, конокторду кабыл ала баштады.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ордого алгачкылардан болуп министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев барды. Аны президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов тосуп алды.
Адылбек Касымалиев ордодо уюштурулган көргөзмө-жарманкелер, улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана маданий программа менен таанышып, Баткендин маданий мурасын, каада-салтын жана кол өнөрчүлүгүн даңазалап жаткан катышуучуларга ийгилик каалады.