Кылым долбоору. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен келечекте электр энергиясына тартыштык жоюлат

Экономика Загрузка... 21 Апрель 2025 18:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстандын энергетикалык тутуму совет мезгилинде эле түптөлүп, өлкө энергияны негизинен 60-70 жыл мурда курулган ГЭСтердин эсебинен алып келген. Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегатынын ишке берилгенин эске албаганда эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы 30 жылда ГЭС курулган эмес. Энергетика тармагы карызга батып, жабдуулар эскирип, электр энергиясынын тарифи өзүн актабаган абалга келип жеткен.

Алгач, Камбар-Ата-2 ГЭСине токтолсок, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Жыгач айылынын жанындагы Нарын дарыясында 1986-жылы курулушу башталып, бирок СССРдин кулашы менен токтоп калган. 2007-жылы иши жанданган бул ГЭСтин биринчи агрегаты 2010-жылдын август айында ишке берилген. Негизинен кубаттуулугу 360 МВт түзгөн Камбар-Ата-2 ГЭСинде кубаттуулугу 120 МВт түзгөн үч агрегат иштеши керек. Энергетика министрлигинин акыркы маалыматы боюнча экинчи гидроагрегатты орнотуу иштери жүргүзүлүп, ал эми үчүнчү агрегат үчүн каражат изделүүдө. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү" долбоору Кыргызстандын энергетикалык тутумун туруктуу жана узак мөөнөттүү өнүктүрүүнү камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналмакчы.

Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон учурдагы маанилүү стратегиялык долбоор Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо салтанаттуу аземинде президент Садыр Жапаров билдиргендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу биздин парзыбыз жана келечек муундарыбыздын астындагы милдетибиз.

“Буюрса, Камбар-Ата-1 ГЭСинин ишке киргизип алсак, Камбар-Ата-2 ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзөбүз. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, Камбар-Ата-2 ГЭСинин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында бул эки маанилүү ГЭСибизди толук иштетип, кубаттуулугу 1000 мегаватт өндүрүүгө жетишебиз. Бул көлөм азыркы Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот. Камбар-Ата-1 иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот”, - деген президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы өз сөзүндө курулуп жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүп жатканын жана өндүрүлгөн электр энергиянын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центинде сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорубузду, өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 млн АКШ долларын түзөрүн маалымдаган. Ошондой эле жаңы энергообъекттерде жергиликтүү тургундарды иштетүү үчүн окутуу программасы, энергетика тармагы боюнча адистерди даярдоо каралган.

Белгилүү болгондой, 2022-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курууга даярдык иштери башталган. 2023-жылы Кыргызстан коңшу Казакстан жана Өзбекстан менен Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча жол картасына Бишкекте кол коюшкан. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу коңшу үч өлкө үчүн, өзгөчө Кыргызстан үчүн пайдалуу. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте бир топ электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат” - деп энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирген.

Белгилей кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алып, үч өлкөнүн ортосунда ишкана түзүү каралган. Ишкананын 34% Кыргызстанга, ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо иштери аяктаган соң, 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСинин негизги курулушунун башталышы күтүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрүлмөкчү. Бул Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунан 700 миң кВтка көп. Алдын ала эсеп боюнча ГЭСтин платинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултулат. КР министрлер кабинетинин маалыматы боюнча Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун жалпы наркы 3,6 млрд доллар деп бааланган. Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 18 млн 600 миң доллар акча каражатына долбоордун техникалык экономикалык негиздөө иштери жүргүзүлүүдө. Дагы аталган банк тарабынан долбоордун катышуучу өлкөлөрүнө 500 млн доллардан насыя берүү каралууда. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттен да каражат бөлүнгөнүн энергетика министри белгиледи. Долбоорго ылайык, аталган ГЭСтин биринчи агрегаты 2031-жылга чейин ишке киргизилет деп мерчемделген.

"Кабар" агенттигине аталган маанилүү ГЭСтердин курулушу боюнча КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, тармак боюнча эксперт Бекбоо Маматбеков өз пикирин билдирип, Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 долбоорлору дайыма приоритетте болушу керек жана аларды өлкө курууга милдеттүү деп белгиледи. Ошол эле учурда эксперт долбоорлордун наркы абдан кымбат болгондуктан курулуш жаатында башка өлкөлөр менен өнөктөштүк – бул учурдун талабы жана иштин реалдуу абалы экенине токтолду.

"Кыргызстан бүгүн өз алдынча Камбар-Ата-1 ГЭСин кура албайт. Бул дээрлик 2 миң МВт электр энергиясын өндүргөн абдан кубаттуу ГЭС. Аталган ГЭСтерди ишке киргизүү менен өлкө электр энергиясынын тартыштыгынан келип чыккан бир катар көйгөйлөрдү дароо чечмек. Калктын саны, жашоо сапаты, экономиканын деңгээли өскөн сайын электр энергиясына болгон муктаждык да өсүүдө. Ошол эле учурда Кыргызстан суунун башатында туруп, өзүнүн потенциалын толук ишке ашыра албай жатат. Бүгүнкү күндө бардык энергетикалык потенциалдын 10% гана ишке ашырылганы белгилүү, бул өтө аз. Камбар-Ата-1 ГЭСинин деңгээлиндеги жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизмейинче электр энергиясынын тартыштыгы дайыма болот. Мисалы, кыш мезгилинде электр энергиясын керектөө дээрлик үч эсеге көбөйөт. Чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө эле басым кылуу менен көйгөйдү чече албайбыз. Ошондуктан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга умтулушубуз керек", - деди Маматбеков.

Кылым долбоору аталган Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашырсак, президентибиз белгилегендей, Кыргызстандын көз карандысыздыгына биздин кошо турган чоң салымыбыз жана ири жетишкендигибиз болот.