Кыймылсыз жашоо өлүм коркунучунун төртүнчү фактору деп табылды

Дүйнө Загрузка... 24 Апрель 2026 09:55
WhatsApp Image 2026-04-24 at 08.46.18.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.04.26 /Кабар/. Кыймылсыз жашоо образы дүйнөдө эрте өлүмдүн негизги себептеринин бири деп табылды. Бул тууралуу Известия билдирет. Окумуштуулардын айтымында, калктын физикалык активдүүлүгүн болгону 10%га көбөйтүү миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.

Адистер белгилегендей, узак убакыт кыймылдабай отуруу организмде физиологиялык өзгөрүүлөрдү жаратат. Ошондой эле зат алмашуу жайлап, организмдин энергияга болгон муктаждыгы азаят.

Орточо эсеп менен чоңдор күнүнө алты сааттай отурушат, бирок изилдөөлөр бул көрсөткүч 10 саатка чейин жетерин көрсөттү. Узак убакыт кыймылсыз болуу инсулин жана глюкозанын алмашуусун бузуп, 2-типтеги диабет, жүрөк-кан тамыр оорулары, деменция жана рак илдеттеринин тобокелдигин жогорулатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чоңдорго жумасына кеминде 150 мүнөт орточо активдүүлүк (мисалы, ылдам басуу) же 75 мүнөт күчтүү машыгуу сунуштайт. Мындан тышкары, жумасына жок дегенде эки жолу күч көнүгүүлөрүн жасоо зарыл.

Бирок окумуштуулар эгер адам күнүнө алты сааттан ашык отурса, жогорудагы нормаларды аткарса да тобокелдик толук жоголбойт деп белгилешет. Изилдөө көрсөткөндөй, отуруунун ордуна күнүнө 30 мүнөт кыймыл кошуу эрте өлүм коркунучун 2% га азайтат.

Адистердин айтымында, жөн гана тик туруп туруу жетишсиз. Эң туура ыкмасы - ар 20–30 мүнөт сайын эки мүнөткө кыймыл жасап туруу. Бул организмдеги зат алмашууну активдүү кармап, кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөөгө жардам берет.