Франция "адам зоопаркында" каза болгондордун сөөгүн мекенине кайтарат

Дүйнө Загрузка... 20 Май 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-05-20 at 09.08.27.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.26 /Кабар/. Франция Сенаты колониялык доордо Париждеги этнологиялык шоуларда элге көрсөтүлгөн түпкү эл өкүлдөрүнүн сөөгүн мекенине кайтарууга уруксат берген мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алды. Документ Франциянын тарыхындагы оор барактардын бирин расмий таануу катары бааланууда. Бул тууралуу Kazinform билдирет.

Анда белгиленгендей, XIX кылымдын аягында Париждеги "Жарден д’Акклиматасьон" паркына калина элинин алты өкүлү көргөзмөгө алып келинген. Алар 1892-жылы уюштурулган колониялык көргөзмө учурунда оорудан улам каза болушкан. Ошол кезде азыркы Француз Гвианасы менен коңшу Суринам аймагынан келген 33 адам — балдар, өспүрүмдөр жана жаштар эл алдына чыгарылып, европалыктар үчүн көрсөтүлгөн.

Тарыхчылардын айтымында, мындай "адам зоопарктары" ошол мезгилде Европа коомчулугунда чоң кызыгуу жаратып, миңдеген көрүүчүлөрдү чогулткан.

Каза болгон алты адамдын сөөгү XIX кылымдын аягында антропологиялык изилдөөлөр үчүн алынып, андан бери мамлекеттик коллекцияларда сакталып келген. Эми алардын сөөгү жана дене бөлүктөрүнүн сегиз гипстен жасалган көчүрмөсү Парижден жети миң чакырым алыстыкта жайгашкан өз мекенине жөнөтүлөт.

Изилдөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, XIX-XX кылымдарда Европа жана Америкада Африка, Азия, Америка жана Океаниядан алып келинген болжол менен 35 миң адам "адам зоопарктарында" көрсөтүлгөн.

Мындай көрүнүштөр Европада 1950-жылдарга чейин уланып келген.