КУУда жаңы китептин бет ачары өттү

Коом 29 Апрель 2026 16:30
684832686_1295758712696836_9108060137368105176_n.jpg
683647256_1295758742696833_4537305465073653751_n.jpg
685653481_1295759086030132_7689760564105496523_n.jpg
685374187_1295758806030160_913549679750191821_n.jpg
683752661_1295758816030159_3929832879135879566_n.jpg
685860803_1295758652696842_3357124450373761845_n.jpg
684525161_1295759109363463_8773224167103343606_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon КУУ

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунда филология илимдеринин кандидаты Чынар Капарованын “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (1926–2026)” аттуу китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, китеп Кыргыз радиосунун 95 жылдыгына жана институттун 70 жылдыгына карата жарык көрдү.

Иш-чарада мамлекеттик катчы Арслан Койчиев журналистика коомдун эс-тутуму экенин айтып, бул китеп келечек муундар үчүн ишенимдүү маалымат булагы болорун баса белгиледи.

Тарыхчы, публицист жана журналист Кыяс Молдокасымов китепте кыргыз телерадиосунун калыптаныш жана өнүгүү этаптары кеңири чагылдырылганын кошумчалады.

Белгиленгендей, китепте өлкөнүн советтик доордон тартып эгемендик мезгилине чейинки радиоуктуруу жана телекөрсөтүү тармагынын калыптанышы, өнүгүү этаптары, мамлекеттик жана коомдук макамдагы ишмердүүлүгү кеңири баяндалат.

Автор эмгекти даярдоодо архивдик материалдарга, жеке иш тажрыйбасына, ошондой эле топтолгон аудио жана видео булактарга таянган.