Курулуштагы инвестициялар: ички каржылоо 1,5 эсеге, тышкы каржылоо 2,2 эсеге өстү

Экономика 18 сентябрь 2026 12:00
Курулуштагы инвестициялар: ички каржылоо 1,5 эсеге, тышкы каржылоо 2,2 эсеге өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында курулуштагы инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 94 пайызы транспорт жана жүк сактоо, пайдалуу кендерди казуу, билим берүү, энергетика, иштетүү өндүрүшү объектилерин жана турак жайларды курууга багытталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын январь-августуна салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмү ички каржылоо булактарынын 1,5 эсеге, тышкы булактардын 2,2 эсеге көбөйүшүнүн эсебинен өскөн.

"Инвестициялардын олуттуу бөлүгү транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, пайдалуу кендерди казуу, билим берүү, электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо, иштетүү өндүрүшү объектилерин курууга, ошондой эле турак жай курулушуна жумшалган",-деп айтылат маалыматта.