Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Кыргызстанда курултайды чакыруу азыркы мамлекеттүүлүк шартында элдик жыйындын байыркы механизмин институтташтыруу аракети катары бааланууда. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине мамлекеттик жана саясий ишмер, саясат таануу илимдеринин доктору Токон Мамытов билдирди.
Анын айтымында, тарыхый жактан курултай көпчүлүк уруулардын эркин чагылдырган жамааттык чечимдерди кабыл алуу аянтчасы катары кызмат кылган, ал эми XXI кылымда ал жаңы мазмунга ээ болуп, калктын саясий катышуусунун формасына, коомдун мамлекеттин стратегиялык чечимдерине таасир этүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү институтка айланууда.

Мамытов белгилегендей, саясий көз караштан алганда курултай төмөнкүдөй бир нече негизги функцияларды аткара алат:
- консультативдик — маанилүү маселелер боюнча коомдук пикирди калыптандыруу;
- легитимдештирүүчү — коом менен бийликтин ортосундагы ишенимди бекемдөө;
- интеграциялоочу — ар кандай социалдык топторду улуттук максаттардын айланасына бириктирүү;
- коммуникативдик — аймак менен борбордун, бийлик менен элдин ортосунда диалог түзүү.
"Ал эми актуалдуу чакырыктар — тышкы саясий атаандаштыктан тартып ички социалдык жана экономикалык тобокелдиктерге чейинки шарттарда улуттук консенсустун, жалпы өнүгүү күн тартибин түзүүнүн жана өлкөнүн саясий субъекттүүлүгүн чыңдоонун аянтчасы боло алат", - деди Мамытов.

Ал белгилегендей, бул контекстте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанда уруу-урууга негизделген бөлүнүүлөрдү жана анын негизинде саясий аракеттерди жүргүзүүнү токтотуу керек деген билдирүүсү маанилүү нормативдик векторду белгилейт. Анын айтымында, уруулук таандыктык элдин маданий кодунун жана тарыхый эс-тутумунун бир бөлүгү, бирок анын саясатташтырылышы мамлекеттик процесстерди туруксуздаштырууга алып келет. Көп жылдар бою кыргыз саясаты аймактык-кландык баланстардын кысымына дуушар болуп, бул заманбап институттардын өнүгүшүнө тоскоол болгон.
"Ташиевдин айткан позициясы бирдиктүү жарандык иденттүүлүктү түзүүгө, коомдун бөлүнүп-жарылышын алдын алууга жана башкаруунун меритократиялык принциптерине өтүүгө умтулууну чагылдырат. Ошону менен бийлик саясий уюмдун архаикалык моделдеринен алыстап, институционалдык системага өтүүгө даяр экенин көрсөтүүдө", - деп эсептейт Мамытов.

Эксперт бул максаттарды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн структуралык реформалар зарыл экенин белгилейт: ачык жана таза сынактарды, кесипкөй кадрдык саясатты киргизүү, парламент, сот, жергиликтүү өз алдынча башкаруу өңдүү институттарды бекемдөө, билимге, ресурстарга, мамлекеттик кызматтарга тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, медиа-сабаттуулукту өнүктүрүү, ошондой эле жалпы улуттук баалуулуктарды жана доктриналарды калыптандыруу.
Алдыда боло турган курултай жана УКМК жетекчисинин билдирүүсү мамлекеттүүлүктү модернизациялоо деген бир саясий процесстин өз ара байланышкан элементтери катары каралууда. Бул өзгөрүүлөр улуттук биримдикти чыңдоого, жарандык улутту калыптандырууга жана өлкөнүн саясий туруктуулугун жогорулатууга алып келиши мүмкүн. Башкы милдет — курултай диалогдун реалдуу институту болушу, ал эми уруулук-уруктук саясаттан баш тартуу практикалык жана институционалдык ишке ашырылышы керек.