Элетте айыл чарбасы менен алектенген дыйкандар өндүргөн продукциясын ички рынокко сатып, андан ашканын чет өлкөлөргө экспорттойт. Алардын катарында 43 жаштагы Баткен облусунун Кадамжай районунун Айрыбаз айылынын тургуну Айсулуу Жороева да бар. Ал мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет. Кошумча киреше табуу максатында үй-бүлөсү менен күнөсканага жана айдоо жерине мөмө-жемиш, жашылчаны, дары чөптөрдү жана гүлдүн түрүн өстүрүп, чакан ишкерлик кылат. Биз каарманыбыздын бакчасына баш багып, маектештик.

— Мугалимдик кесипти аркалап, ага удаа эле ишкерликте да алып кетүүгө эмне түрткү болду?
— Мен орус тили жана адабияты мугалими болуп алты жылдан бери иштеп келем. Бош убактымды текке кетирбей, кандай иш менен алектенсем деп көп ойлонуп жүрчүмүн. Анан аялзаты үчүн гүл өстүрүүнү чечкем. Үй-бүлөм менен 5 жылдан бери күнөсканабызды иштетип келебиз. Айтып кеткендей эле башында гүл эле өстүрчүбүз. Анан гүл эле өстүрүп тим болбостон, сезонго жараша башка да өсүмдүктөрдү өстүрүүнү чечтик. Тюльпанды жыйнагандан кийин ал жакка бадыраң өстүрүп баштадык. Бадыраңдарыбыз бизге жакын жайгашкан Кызыл-Кыянын базарынан эле өтүп кетет. Бүгүнкү күндө үлүш жерибизде дары чөптөрдү, курма жана башка өсүмдүктөр бар. Мисалы, курма өстүрүш үчүн 200 миң чыгаша кылсак, эки эсе киреше түшөт. Биз күнөскананы жылуулаш үчүн өзүнөн чыккан пайданы кайра эле өзүнө жумшап, “акылдуу” меш койдук.

— Гүлдөрүңүздөр Кыргызстанда эле сатылып кетсе керек?
— Эки күнөсканабыз бар. Чаканында көчөттөрдү даярдап алабыз. Чоң күнөсканага күзүндө тюльпан отургузабыз. Гүлдөгөндө 8-март майрамына карата сатыкка чыгарабыз. Биз гүлдүн пиязын жыл сайын Голландиядан алдырабыз. Февралдын аягында гүл өскөндө буюртма берген кардарларга дүңүнөн сатабыз. Лейлектен баштап Бишкекке чейин тюльпандарыбыз кетет. Ашып калгандарын базарларга өткөрөбүз. Гүлдү өстүргөндө алгач миң түптөн баштаган элек. 5 жылдын ичинде аларды 20 миңге жеткирдик. Роза гүлүн да жыл бою өстүрүп, каалаган убакта сата беребиз. Лаванда гүлүнүн көчөттөрүн Ысык-Көлдөн алып келгенбиз. Андан бери көчөттөрү көбөйүп калды. Апрель-майдын ичинде анын көчөттөрү сатылат. Ал эми август айында гүлдүн өзү сатылып баштайт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы кардарларыбыз лаванда гүлүн столду кооздогонго, белек катары бергенге алышат.

— Дары чөптөр деп айтып кетпедиңизби. Аларга бизде суроо-талап кандай?
— Дары чөптөрдү үлүш жерибизде өстүрөбүз. Ит мурундан жылына 400-500 килограммдай түшүм алынат. Ал эми үйдөгү бакчада чабрец, жалбыз, мелисса, розмаринди көбөйтүү менен алектенебиз. Биз тоодогу дары чөптөргө зыян келтирбестен, атайын сортторду сатып келип өстүрөбүз. Көчөтүн дагы сатабыз, кургатылганын дагы таңгактап Aisu flo деген бренд менен сатууга чыгарабыз. Көбү Кадамжайга эле сатылат, тааныш-билиштер аркылуу же издеп жүргөндөр өздөрү байланышып башка жака да алып кеткендер бар.

— Ал эми мөмө-жемиштердин кайсы түрлөрү бар?
— Мөмө-жемиштердин ичинен болжол менен 40 сотыхтай жерге курма өстүрөбүз. Алардын басымдуу бөлүгү Россияга кетет. Былтыр апрель айында кореялык ишкерлер күнөсканабызга мандариндин 3 түрүнөн 8 көчөттү эксперимент катары отургузуп кетишкен. Эгер климатка көнсө, көбөйтөлү деген сунуштарын айтышкан. Жер семирткичтерди Кореядан жөнөтүп, кантип багуу боюнча кеп-кеңештерди онлайн беришет. Гүлдөгөн сайын гүлдөрүн үзүп салабыз. Мындай ыкма көчөткө күч-кубат берүү үчүн колдонулат экен. Сүрөттөрүн карап, кантип буташ керектигин көрсөтүп турушат. Үч жылдан кийин мөмөсүн көрөбүз дешти.

— Алдыда ишкерлигиңиздерди кеңейтүү боюнча пландарыңыздар болсо керек?
— Кадамжай районунда жакында эле гүл фестивалы өттү. Анда адамдар кандай гүлдөрдү жактырышат, анализдеп көрдүк. Коңшу мамлекеттерден келген катышуучулар да болду. Эми биз Өзбекстандагыдай гүлдүн көчөттөрүн Голландиядан алып келип өстүрсөкпү деп пландап жатабыз. Буга чейин агрономдордун окууларына катышып, тажрыйба топтоо үчүн Наманганга барып келдик. Алматыдагы көргөзмөдөн голландиялык өнөктөштөрдү таптык. Эми гүлдөрдүн ассортиментин көбөйтсөк деп турабыз. Өзүм сүйгөн мугалимдик кесибимди да таштабай, ишимди уланта берем.
