Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Саясат таануучу жана коомдук ишмер Зайнидин Курманов "Кабар" агенттигине берген комментарийинде Кыргызстанда улуттук валютаны басып чыгаруунун башталышы финансы системасынын коопсуздугун чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгиледи.
"Акчаны өз үйүбүздө басып чыгаруу алда канча арзан. Акчаларды бардык номиналда өндүрүү технологияларын тез арада өздөштүрүп, ишке киргизүү керек", — деп белгиледи эксперт.
Анын айтымында, эми Кыргызстанда сомдун басып чыгарылышы финансылык эгемендүүлүктүн кепилдиги болуп саналат.
"Эң негизгиси, банкнотторду чыгарууга валютаны коротуунун кажети жок болот. Аларды чыгаруунун бардык сырлары атайын технология жана мамлекеттик сыр болуп саналат, мунун баары биздин колубузда гана болушу керек. Үйдө акча басып чыгаруу бир топ арзан жана коопсуз. Биз бул нерсеге эчак эле жетишибиз керек болчу. Өзүн сыйлаган ар бир өлкө өз акчасын өз үйүндө басып чыгарат. Бул туура чечим", - деди Зайнидин Курманов.