Депутат Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 13 Март 2026 19:05
648651434_1241885438124676_3856370987345935777_n.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.

Анда Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жеке арызы каралды.

Ага ылайык, депутаттын ырастамасы жараксыз деп таанылды.

Белгилей кетсек, эл өкүлү Курманкул Зулушев №10 көп мандаттуу шайлоо округунан парламентке шайланып келген.