Казакстанда Курултай депутаттарын шайлоо өттү

Борбор Азия 24 Август 2026 10:45
thumbs_b_c_d97aae0e213591440af38f6893ea46c5.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Казакстанда Курултайга (бир палаталуу парламент) депутаттарды шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Курултайга шайлоочулардын 74,19%ы катышты. Бюллетендерди 9 млн 352 миң 151 шайлоочу алды.

Шайлоодо Түркистан облусу — 92,16%, Жетысу — 91,19% жана Кызылорда облусу — 90,75% катышууну көрсөттү. Ал эми Чыгыш-Казакстан облусунда көрсөткүч 87,50%, Актөбе облусунда 88,30%ды түздү.

Эң төмөнкү көрсөткүч Алматыда — 43,23%. Астанада шайлоочулардын 51,67%ы добуш берди.

Парламенттик шайлоодо 7 партия ат салышты.

Добуштардын алдын ала жыйынтыгы БШК тарабынан жарыяланары айтылды.

Белгилей кетсек, Курултай 145 депутаттан турат. Алардын ыйгарым укуктары 5 жылдык мөөнөткө белгиленет. Депутаттык орундарга ээ болуу үчүн партиялар 5 пайыздык чектен өтүшү керек.