Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз берди

Жогорку Кеңеш 23 февраль 2026 09:30
Кундузбек Сулайманов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз берди

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арыз берди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын арызы БШКнын бүгүн саат 10:00дөгү жыйынында каралат.

Буга чейин Кундузбек Сулайманов "Мекенчил" тобунун лидерлик укуктарынан да өз эрки менен баш тарткан.