Бишкек, 29.05.25. /Кабар/. Кумтөр ишканасынын Балыкчыдагы базасынын абалы жакшыртылууда.
Компаниядан маалымдашкандай, “Кумтөр Голд Компанинин” Балыкчы өткөөл базасы шаардын түштүк-батышында Балыкчы – Нарын жолунун боюнда орун алган.
Бүгүнкү күндө базаны оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү жана кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө. Долбоор жол боюндагы жана ага чектеш 1,2 гектар аймакты камтыйт.
Бул иштердин алкагында күйүүчү майларды сактоочу жаңы резервуарлар курулду. Мурда резервуаларда 12 400 метр кубга чейин май сакталса, азыр 24 400 метр кубга чейин көбөйтүлдү.
Буга чейин Кумтөр ишканасы жеке менчик мунай компанияларынын май сактоочу резервуарларын ижарага алууга аргасыз болуп, жылына 26 миллион сом ижара акысын төлөп келген.
Жаңы резервуарлардын ишке берилиши күйүүчү майдын запасын жетиштүү көлөмдө сактоо менен айына миллиондогон каражаттарды үнөмдөп калды.
Эми жолдун боюна жаңы заманбап тосмолор орнотулуп, декоративдүү дарактар жана бадалдар менен аллея жасалат.
Жаңы аянтчалар салынып, асфальт-бетон төшөлөт жана архитектуралык көрк берилип, отургучтар, навигация элементтери орнотулуп, толугу менен жарыктандырылат.
Белгилей кетсек, учурда базада 229 кызматкер эмгектенет. Карамагында 67 техниканын түрү бар. Балыкчы өткөөл базасы тоо-кен өнөр жайын камсыздоодо логистикалык маанилүү ролду ойнойт.