Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өткөн коомдук талкууда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарларда салык чогултуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформанын жыйынтыктарына токтолду.
Анын айтымында, салыктык түшүүлөрдү чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында салыктык түшүүлөр көбөйгөн.
Ысабеков салык кызматын санариптештирүү базарлардагы салыктык процесстерди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтип жатканын белгиледи.
"Мисалы администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык түшүүлөр дээрлик 350-400 млн эле чогулса, учурда 1,5 млрд сом чогултуп жатат. Базарга салыкчылар кирбейт", – деди ал.