Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Куба туристтер үчүн электрондук визаларды киргизет. Бул тууралуу Коммерсант гезити жазды.
Маалыматта айтылгандай, Кубада 1-июлдан тарта өлкөгө кирген туристтерден E-visa электрондук виза талап кылынат. Россиялыктар Кубада 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат.
Кубанын Туризм министрлигинин Facebook`тагы баракчасында белгиленгендей, электрондук визалар чек арадан өтүүдөгү процедураларды жеңилдетүү максатында киргизилет. Туризм министри Хуан Карлос Гарсиа Гранда буга чейин E-visa` га арыз берүү жана кароо процессин тездетерин жана жөнөкөйлөтөрүн айткан.
Эске салсак, 2024-жылдын август айында Кубада электрондук визалар иштей баштаганы жарыяланган.