Куба ЕАЭБден Латын Америкага товар экспорттоо үчүн хаб түзүү керектигин айтты

Дүйнө Загрузка... 27 Июнь 2025 17:55
WhatsApp Image 2025-06-27 at 17.50.11.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Кубанын президенти Мигель Марио Диас-Канель Бермудес Минскте өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумда ЕАЭБ продукциясын Латын Америкага экспорттоо үчүн хаб түзүү керектигин айтты. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, кызматташтыкты тереңдетүү үчүн Кубанын президенти өлкөнү логистикалык жана инвестициялык хаб катары колдонууну, анын ичинде “Порт Мариэль” атайын экономикалык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн жана аралдын географиялык артыкчылыктарын колдонууну сунуштады.

"Мунун Латын Америкасына жана Кариб региондоруна евразиялык продукцияны жеткирүүнү кеңейтүү үчүн баштапкы чекит болуп калуусу зарыл. Сөз ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Латын Америка аймагына жана кайра ошол багытта артка товарларды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча логистикалык борборду түзүүгө мүмкүндүк берген өзгөчө маанилүү долбоор жөнүндө болуп жатат", - деди Бермудес.

Маалымат үчүн: Кубадагы "Порт Мариэль" – экономикалык аймагы чет элдик инвестицияларды тартуу жана экономикалык өсүштү стимулдаштыруу үчүн түзүлгөн атайын өзгөчө өнүктүрүү аймагы. Анын өзүнүн укуктук жана жөнгө салуучу режими бар жана бизнес үчүн ар кандай жеңилдиктерди берет.