Күрөөканалардын иши күн тартибине чыкты. Мамлекеттик көзөмөл күчөйт

Аналитика Загрузка... 20 Январь 2026 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда күрөөканалардын ишмердүүлүгү кайрадан күн тартибине чыкты. Тийиштүү мыйзамдарга, катаал жазаларга жана УКМКнын текшерүүлөрүнө карабай мыйзамсыз иш алып барган, жогорку пайыздык чен менен каражат берген, кардарлардын кыймылсыз мүлктөрүн тартып алган ишкерлер дагы деле бар экени аныкталууда. Учурда УКМК чөйрөдөгү кылмыштуу схема боюнча ишти териштирип жатканын билдирди. Бул арада Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ломбарддарга жаңы талаптар коюлуп жатканын жана жарандар эске алчу жагдайлар туурасында маалымат берип, талаптарды эскертти.

Кыргызстанда күрөөканалар эгемендик алган жылдары эле иштеп баштаган. Каатчылык жылдары анча чоң эмес каражатты каяктан тез алса болорун билбеген карапайым эл күрөөканаларга кайрыла башташкан. Өз кезегинде күрөөканалар жарандарды жакшы эле тоношкон. Анткени, дээрлик 10-15 жыл бою күрөөкана ишмердигин жөнгө салган мыйзам болгон эмес. Ортодо лицензия да албай, патент менен иштеп калышкан. Талапты катуу койгон мыйзам жок болгондуктан ломбард иштеткендер өзүм билемдик жана шылуундук менен акча таап турушкан. Атап айтканда, пайыздык чендер боюнча эч кандай чектөө жок болгондуктан, аны 200-300%га чейин көтөрүп, айрым учурларда пайыздык чен негизги сумма менен теңелип калган. Жарандар майда тиричилик техникасынан баштап, турак-жайынын документтерине чейин күрөөгө кое беришкен. Жыйынтыгында, болбогон акча үчүн турак-жай, жер тилкелерин, унааларын артка кайтара албай калган учурлар көп.

2016-жылы гана аталган чөйрөнү тескеген “Ломбарддын иши жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, күрөөканаларды лицензиялоо жолго коюлду. Бул мыйзамга ылайык кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга тыюу салынган.

iStock-1264966526.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Бул арада ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыяланат. Текшерүүчү органдар ломбарддарга капыстан барып текшерип, кийлигише албай калышкан.

Ошол эле маалда үстөк пайыз көйгөйү улана берген. Коомдо резонанс жараткан “Сомо” компаниясы буга мисал. 2021-жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы “Сомо” компаниясынын мыйзам талаптарына жооп бербеген филиалдарын жабуу чечимин чыгарган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында күрөөкана иштетүү үчүн берилген лицензиялардын арасында “Сомонун” каттоодон өткөн филиалы жок болуп чыккан. Бул компания өзүн ломбард деп атап, элдин башын айландырганы аныкталган. Кардарлар 10 миң сомдун тегерегинде насыя алып, үстөк пайыз өтө жогорулап кеткендиктен, кайтара албай калышкан мисалдар жүздөп, миңдеп катталган. Карызды убагында төлөй албагандарга коркутуп-уркүтүүлөр болгону ачыкталган.

Үстөк пайызды ашкере жогорулатуу фактылары 2023-жылдагы текшерүүдө да катталган. Анда УКМК бир катар күрөөканаларды текшерип, жыйынтыгында айрымдары үстөк пайызды 200 пайызга чейин коюп алышканын аныктаган. Ошондо эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чоң үстөк пайыз менен акча берген күрөөканалардын ишин “элди тоноо” деп сыпаттаган. Эгер ломбарддардын үстөк пайызы 30 пайыздан ашса лицензия кайтарылып, ишкерлер жазалана турганын эскерткен болчу. Ушул окуядан кийин мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, пайыздык чек 30дан ашпашы керектиги белгиленген. Өлкө боюнча күрөөканалар текшерилип, тартипти орнотуу аракеттери күчөгөн.

WhatsApp Image 2026-01-20 at 17.56.22.jpeg

Ломбард иштеткендердин арасында шылуундук токтобой жатканы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 2026-жылдын 19-январында өткөргөн жыйында белгилүү болду. Жыйынга мыйзамсыз күрөө жана сүткорлук менен алектенген ишкерден жабыркаган 90го жакын жаран келген. Ишкер жарандарга атайылап кысым көрсөтүүчү шарттарда жана жогорку пайыздык чендер менен каражат берип, андан кийин пайда болгон карызды алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу үчүн колдонгон.

Тергөөдө мүлктөрдү кайра жол-жоболоштуруу көзөмөлдөгү нотариустар жана аффирленген жактар аркылуу жалган бүтүмдөр менен жасалганы белгилүү болгон. Ошондой эле жабырлануучуларды коркутуп, бийликтеги байланыштары аркылуу басым жасап келгени далилденген. Жыйында Ташиев УКМК кызматкерлерине Кыргызстандагы бардык күрөөканалардын ишин, анын ичинде пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүнү тапшырды.

Ал эми Кыргызстан боюнча 431 ломбард иш алып барат. Алардын 36% Бишкекте, 21% Ошто, 12% Манаста, калган 31% калган облустарда иштеп жатат. Алардын кирешеси - 30% пайыздык үстөктөн түшкөн каражат. Улуттук Банктын пайызын эсепке албаганда, ломбарддардын таза пайдасы 12%.

Күрөөканалардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындыкты камсыздоо, тейлөө сапатын жакшыртуу жана каржылык туруктуулугун камсыздоо үчүн кандай талаптар коюлуп жатканы туурасында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын финансылык рынокту көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу айтып берди. Ал ошондой эле жарандар күрөөкана менен келишим түзгөн убакта кайсы жагдайларга көңүл буруш керектигин эскертти.

“Мыйзамда ломбард жарандардан автоунаа, телефон, алтын буюмдары сымал мүлктөрдү гана ала алат. Батир, жер тилкеси сымал кыймылсыз мулктөрдү күрөөгө алууга тыюу салынган. Мындай фактылар болушу мүмкүн, бирок алар мыйзамсыз.

Жаран ломбардга келгенде мүлк бааланып, пайыздык ченемди ачык көрсөтүү менен келишим түзүлөт. Эң маанилүү нерсе, жаран пайыздык ченемге көңүл бурушу керек. Ломбард пайыздык ченемден башка, сый акы, мүлктү сактоо боюнча да кошумча акынын наркын кошуп коюшу мүмкүн. Эгер ошондой болсо бизге кайрылгыла. Эгер займдын суммасы 50 миң сомдон жогору болсо нотариус аркылуу күбөлөндүрүлүшү керек. Бул учурда нотариус кызматынын кымбаттыгына карап, көп учурда ага кайрылышпайт. Бирок бул документ унаалар күрөөгө коюлганда абдан маанилүү.

Жарандар билбеген дагы бир жагдайды айта кетсем. Эгер кардарлар ломбардга мүлк калтырганда келишим 30 күн болсо, күрөөкана пайызды төлөө зарылдыгын эскерте баштайт. Мында жарандардын мыйзам чегинде дагы 30 күндүк жеңилдик убактысы бар, ломбарддар 30 күн күтүүгө милдеттүү. Бул учурда туум жазылбашы керек. Эгер келишимдеги мөөнөт бүтөөрү менен мүлк сатылып кетсе, бул мыйзам бузуу болуп саналат. Бул боюнча жарандар арыз менен кайрылышпайт. Анткени, алар бул эрежени билишпейт.

Эгер жарандардан мыйзам бузуу болгондугу туурасында арыз түшүп, факты аныкталса текшерилип, биринчи кезекте айып пулдар салынат. Ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча 28 миң сом айып салынат. Бир жылда үч жолу кайталанса, биз ломбарддын ишмердүүлүгүн 90 күнгө токтото алабыз. Эгер улана берсе лицензиясы жокко чыгарылат.

2025-жылы 35 ломбарддын лицензиясы токтотулду. Андан сырткары 30-40 күрөөкана текшерилип, аларга айып пул салынып, жазма буйруктарды бердик. 30 күн ичинде калыбына келтириш керек. Айып пулдун суммасы мыйзам бузуу фактысына жараша ар кандай суммада. Мисалы, эң көп 310 миң сомго чейин барды. Болжолдуу түрдө 2025-жылы 1,5 млн сомдун тегерегинде айып пул салынды.

WhatsApp Image 2026-01-20 at 17.56.37.jpeg

2024-жылдын 22-майына чейин пайыздык чендер боюнча мыйзамда чектөөлөр жок болчу. Тармак “Сүткорлук мыйзамынын” чегинде гана иш алып барган. 2023-жылы УКМК текшергенден кийин мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, анда жылдык пайыздык чен 30дан ашпашы керек болгон.

Ломбарддарда пайыздык чен менен бирге уставдык капитал да маанилүү. Кыргызстан боюнча 50-60 филиалы бар ири ломбарддар иштейт. Капиталы аздардыкы 1-2 кеңсе болушу мүмкүн. Уставдык капитал жогоруласа, ишкерлер мыйзам талаптарын да сакташат, тийиштүү кызматтарды сапаттуу көрсөтө алышат. Финансылык туруктуулук камсыздалып, жыйынтыкта ири жана ишенимдүү компаниялар калып, калктын күрөөканаларга ишеними жогорулайт.

Алсак, уставдык капитал этабы менен жогорулап турат. 2022-жылы 1 млн сом болчу. 2025-жылы ломбарддардын минималдык уставдык капиталы 3 млн сомдон аз болбошу керек эле. Уставдык капиталды көтөрө албагандардын ишмердиги токтотулду. Эми дагы да жогорулайт. 2026-жылдын 1-июлунан баштап 7 млн сомдон кем болбошу керек, андан кийин 14 млн, 2027-жылы 20 млн сомго чыгат. Анткени, тейлөө көрсөтүү боюнча капитал жетиштүү болушу керек. Чоң ломбарддар, мыйзам талабын сактай алгандар гана калат. Аз капитал менен жарандарды кыйнабашы керек”, – деди Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын финансылык рынокту көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу.

Ломбарддар социалдык зыянга алып келбеши керек

Күрөөкана тармагын мамлекет көзөмөлдөп, талаптардын катаалдашып жатканы заман талабы дейт экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров. Анткени тармак көмүскөдөн чыгып, ачык-айкын кызмат көрсөтүп, мурункудай социалдык көйгөйлөр жаралбашы керек.

WhatsApp Image 2026-01-20 at 17.56.05.jpeg

“Күрөөканалар бизге өзүнчө бир мамлекет катары сезилчү да. Булар кандай иштеп, эмне кылып жатканы, пайыздык ченемдерди кандай коюп жатышканы, эл менен кандай иштеп жатканы туурасында маалымат деле жок болчу. Ачык көрсөтүлүп, айтылчу эмес. Уааларын, үйлөрүн алдырып жиберген окуялар байма-бай айтылып калчу. Майда буюмдарды кайтаруу оңой, бирок унаа, турак-жайларды кайтаруу, чынын айтканда тозок эле. Шарттары, айрыкча пайыздары өтө жогору болуп, айласыздан күрөөканага кайрылгандар акчаны оңой ала коюп, бирок кайтарууга келгенде кыйналып калышчу.

Эми УКМК төрагасы көңүл бура баштагандан кийин, ачыкка дагы көп нерселер чыга баштайт. Негизи, бул тармакты да мамлекет өз көзөмөлүнө алып, жөнгө салышы керек. Бир сыйра карап чыгып, пайыз кайдан пайда болуп жатат, эмнеге буюмдарды кайтарып алууга мүмкүнчүлүктү азайтып салышууда деген талдоолор жүргүзүлүп, орток эрежелер иштелип чыгышы керек.

Тармак бир системага келиши зарыл. Ломбард тармагында лицензиясын бир кызмат, ишмердигин башка кызмат, жоопкерчилигин бир орган карайт экен. Бардык иш бир системадан таралышы керек”, - дейт экономика илимдеринин доктору.

Жыйынтыктап айтканда, 2026-жылга карай күрөөкана рыногу коюлуп жаткан жогорку талаптарга байланыштуу шылуундарды жана майда оюнчуларды сүрүп чыгарууда. Мындан сырткары мамлекеттин көзөмөлү күчөдү. Жылдар бою каалашынча үстөк пайыз коюп, турак-жай баштаган мүлктөрүн тартып алып, элди тоноп келген күрөөканалар мындан ары мыйзамдарга баш ийүү менен ишмердигин жүргүзүүсү керек. Үстөк пайыз 30 пайыздан ашпоосу зарыл, ал эми уставдык капитал барган сайын жогорулайт. Бул ломбарддардын финансылык туруктуулугун жана элдин ишенимин камсыздайт.