Бишкек 04.07.25 /Кабар/. Грециянын Крит аралынын түштүк-чыгышында чыккан токой өртүнөн улам болжол менен 5 миң адам өз алдынча аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу The Guardian басылмасы билдиргенин Интерфакс агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, андан сырткары куткаруучулар тарабынан төрт калктуу конуштан 1,5 миң адам эвакуацияланган. Жергиликтүү тургундар жана туристтер жабык стадиондо убактылуу баш калкалап жатышат, айрымдары аралдан чыгып кетишкен.
Өрт Иерапетра курорттук шаарынын жанында, Криттин түштүк-чыгыш жээгинде жайылып жатат. Аны өчүрүүгө 230га жакын өрт өчүрүүчү жана 46 атайын техника тартылган.
Өрт өчүрүү кызматынын айтымында, өрттү өчүрүүгө шамал да тоскоол болууда. Анын ылдамдыгы Бофорт шкаласы боюнча 12 баллдан 9 баллга жетип, саатына 75-88 чакырымды түзүүдө.