Криштиану Роналду тарыхтагы алгачкы миллиардер футболчу болду

Дүйнө Загрузка... 08 Октябрь 2025 17:30
porto-portugal-11-15-2024-600nw-2547123911.webp

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Сауд Аравиясынын «Аль-Наср» клубунун жана Португалиянын курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнө тарыхында байлыгы 1 миллиард доллардан ашкан биринчи футболчу болду. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги кабарлады.

Өткөн жайда 40 жаштагы футболчу «Аль-Наср» клубу менен жаңы келишим түзгөн. Анын суммасы 400 миллион доллардан ашат. Рекламалык келишимдерден түшкөн кирешелерди кошкондо, Роналдунун жалпы байлыгы 1,4 миллиард долларга бааланууда.

Роналду беш жолку "Алтын топтун" ээси, чемпиондор Лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, Европанын чемпиону, Улуттар Лигасынын эки жолку жеңүүчүсү жана улуттук командалардын тарыхында, Европа чемпионаттарында, чемпиондор Лигасында жана Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда эң мыкты бомбардир.