Бишкек, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынданын алкагындагы көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештерди көргөн көрүүчүлөр оюндар кызыктуу жана курч мүнөздө өткөнүн белгилешүүдө.
Көрүүчүлөрдүн бири Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Максут Аманов атайын оюндарды көрүү үчүн келгенин айтып, беттештер ага өзгөчө кызыктуу болгонун билдирди.
“Бүгүн биз көк бөрү менен көкпарды көргөнү келдик. Оюндар экөө тең кызыктуу болду. Өтө кызуу өтүп жана абдан кызык болду.
Мага оюндун өтө талаштуу болгону жакты. Баары кызыктуу өттү. Оюн адилеттүү чечилди деп ойлойм, баары реалдуу болду”, — деди ал.
Эске салсак, бүгүн, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештер өттү.
Анда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары кез келип, көк бөрү оюну боюнча 12:0 эсебинде, ал эми көкпар оюну боюнча 7:2 эсебинде Кыргызстан командасы жеңишке жетти.