КР делегациясы БАЭнин эл аралык каржы борборлорунун тажрыйбасын үйрөнүүдө

Саясат Загрузка... 22 Апрель 2025 09:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. 17-18-апрелде Абу-Даби жана Дубай шаарларында Кыргызстандын делегациясы Бириккен Араб Эмираттарынын эл аралык каржы борборлорунун тажрыйбасын үйрөндү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, делегацияга юстиция министри Аяз Баетовдун жетекчилик кылып, астында Кыргызсстандын БАЭдеги элчилигинин колдоосу менен өттү.

Анын алкагында Аяз Баетов Dubai International Financial Centre (DIFC) сотторунун директору Омар Аль Мейри, башкаруучусу Эсса Казим, Abu Dhabi Global Market (ADGM) башкы директору Линда Фиц-Алан жана Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу башкармалыгынын башкы директору Эммануэль Дживанакис менен жолугушууларды өткөрдү.

Баетов Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана укуктук чөйрөнү жакшыртууга багытталган ири реформалар жүрүп жатканын белгиледи. Ал сапардын негизги максаты DIFC жана ADGM сотторунун жана каржы институттарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу жана Кыргызстанда ушул сыяктуу моделдерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө экенин айтты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусунда өзгөчө укуктук режимге ээ болгон инвестициялык аймак жана эл аралык деңгээлдеги талаш-тартыштарды жөнгө салуу борборун түзүү боюнча жарлыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Эмират тарап кыргыз делегациясынын демилгесин кубаттап, DIFC жана ADGMдин ишмердүүлүгү, алардын түзүмү жана бизнести колдоо механизмдери тууралуу кеңири маалымат берди. Ушундай борборлордун түзүлүшү БАЭде инвестициялык климаттын жакшырышына оң таасирин тийгизгени белгиленди.