Кыргызстанда көп аялдуулук боюнча мыйзамды жоюгу же жеңилдетүүгө байланышкан сунуштар байма-бай киргизилип келет. Бирок, жарандык коом, эксперттер жана мамлекеттик органдар муну жыныстык теңчилик принциптерине каршы келет деп сындап, сунуштар колдоо таба элек. Бул жолу да ЖК депутаттары демилгелеген мыйзам долбоору колдоого алынбай, өлкө башчысы тарабынан артка кайтарылды.

11-августта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев менен Медербек Саккараев демилгелеген «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр» тууралуу мыйзамды каршы пикирлер менен кайра кайтарды. Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын негизги ченеми – эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин күчүн жоготту деп таануу болгон эле.
Ал эми каршы пикирлер КР акыйкатчысынын (омбудсменинин), Башкы прокуратурасынын, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Улуттук илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин жана Конституциялык соттун аппаратынын корутундуларынын негизинде даярдалган.
Алар мындай жоопкерчилик сакталса, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелери жана конституциялык принциптер сакталарын, мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө да өбөлгө түзөрүн белгилешкен.
Негизинен өлкөдө көп аялдуулук, аны мыйзамдаштыруу жана ага байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилиги боюнча коомдук талкуулар жана мыйзамдык демилгелер өлкөдө убак-убагы менен көтөрүлүп келет.

Мисалы, 2007-жылдары Кылмыш-жаза кодексинен көп аял алууга тыюу салган беренени алып салуу сунушу киргизилип, бирок бул демилге жарандык коомчулук тарабынан катуу сынга алынып, кабыл алынган эмес. 2016-жылы Жогорку Кеңештин айрым депутаттары көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгесин көтөрүп, Конституцияда бул боюнча тактоо киргизүүнү сунуштаган.
Ал эми Үй-бүлө кодекси бир гана расмий никеге уруксат берет, ЗАГС экинчи же кийинки никени каттай албайт. Ал эми эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50-100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, юридика илимдеринин доктору Чолпонкул Арабаев Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси - көп аял алууга жол бербөөнүн жана укуктук коргоонун маанилүү механизми катары сакталып калышы керек деп эсептейт.
“Эки аял алууга жол берүү жубайлардын тең укуктуулук принциптерине каршы келет жана коомдун негизги бирдиги болгон үй-бүлө институтун алсыратууга алып келиши мүмкүн.
Мындан сырткары, эки аял алуу практикасы көбүнчө аялдардын укуктарын бузат. Мындай шартта аялдар тең эмес абалда калып, психологиялык, социалдык жана экономикалык кысымга туш болушу мүмкүн. Ошондой эле мындай никеде төрөлгөн балдар үй-бүлөнү багуу, аталыкты аныктоо, мурас алуу, алимент жана социалдык статус боюнча укуктук түшүнүксүздүктөргө туш болушат”, - деди ал.

Ошондой эле анын айтымында кылмыш-жаза мыйзамындагы тыюу - дискриминациянын алдын алууга жана алсыз топторду коргоого багытталган. Кылмыш-жаза жоопкерчилиги эки аял алуунун жайылышына жол бербөөчү, үй-бүлөлүк мамилелердин мыйзамдуулугун коом аң-сезиминде бекемдөөчү фактор болуп саналат.
“Мындан тышкары Кыргызстан аялдарга карата бардык түрдөгү дискриминацияны жоюу жөнүндө Конвенциянын жана үй-бүлөлүк мамилелерде дискриминацияны болтурбоого милдеттендирген башка эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп саналат. Жогоруда аталган беренени сактап калуу бул милдеттенмелерге шайкеш келип, мамлекеттин жыныстык теңчилик жана мыйзам үстөмдүгү принциптерине берилгендигин көрсөтөт”- деп кошумчалады Арабаев.
Мындан сырткары ал Борбор Азиядагы постсоветтик мамлекеттердин Кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган эки аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги тууралуу айтып өттү.
“Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси «Көп аял алуу» деп аталып, бул кылмыш үчүн айып пул, үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштери, бир жылдан үч жылга чейин эркиндигин чектөө же үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазаларын карайт. Өзбекстан 2019-жылы мыйзам менен бул беренедеги санкцияларды катаалдаштырган.
Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси «Эки аял алуу же көп аял алуу» деп аталып, миң же эки миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул, эки жылга чейин түзөтүү иштери же беш жылга чейин эркиндигин чектөө жазаларын камтыйт. Казакстан жана Түркмөнстандын Кылмыш-жаза кодексинде да эки аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги бар, – деп билдирди ал.