Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Бишкек мэриясына караштуу аймакта сот жана укук коргоо органдары тарабынан коюлган чектөөсү бар жана талаш жерлердин жалпы саны бүгүнкү күндө 1 миң 960ты түзөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментинин директору Уран Мусаев “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Маалымдалгандай, жер мунапысынын негизинде 2021-жылдын декабрь айына чейин салынган үйлөр мыйзамдаштырылууда. Бирок, ошол убакта салынып, арыз бергенге жетишпей калган жарандар үчүн 2025-жылдын 1-июлунда биз жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө министрлер кабинети тарабынан өзгөртүүлөр киргизилип, чек коюлган.
“Бишкек мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаментине жер мунапысынын негизинде жер тилкесин мыйзамдаштыруу боюнча келип түшкөн 37 миңден ашык арыз ошол 2025-жылдын 1-июлуна чейин кабыл алынган. Андан кийин да жерин мыйзамдаштыруу боюнча кайрылуулар болуп жатат. Жакынкы аралыкта эле 15-майда дагы аталган жобого өзгөртүүлөр кирди. Бирок, белгиленген мөөнөттөн кийин кайрылган жарандардын маселеси бүгүнкү күндө каралбай, ачык бойдон турат. Учурда белгиленген мөөнөткө берилген арыздар каралып жатат”, - деди Мусаев.
Ошондой эле ал өз сөзүндө административдик-аймактык реформадан соң шаардын чеги кеңейип, жерин мыйзамдаштырууну каалаган жарандардын саны өскөндүгүн айтты.
“Негизинен кайрылуулардын бары жерлерди мыйзамдаштырып берүү боюнча келип түшүүдө. 37 миңден ашык арыздын басымдуу бөлүгү ААРдан алкагында бизге Аламүдүн жана Сокулук районунан келип түштү. Аламүдүн, Свердлов райондорунан тышкары, саны боюнча эң көп Сокулук жана Октябрь райондорунан арыздар кабыл алынды. Бишкек шаарынын ар бир районунда атайын комиссиялар иштейт. Жактырылган арыздар тийиштүү акимчиликтерге жөнөтүлөт. Андан кийин токтом чыгып, анын негизинде жарандар документтерин алышат”,- дейт ал.
Белгилей кетсек, комиссия тарабынан арызы жактырылган 13 миң 924 жарандын басымдуу бөлүгү жер тилкесине болгон менчик укугун тастыктаган расмий документ “Кызыл китеп” алышкан.