Коста-Рика АКШдан депортацияланган 200 мигрантты кабыл алат

Дүйнө Загрузка... 20 Февраль 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-02-20 at 07.53.13.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Коста-Рика АКШдан депортацияланган 200 мигрантты, анын ичинде Индия, Өзбекстан жана Казакстандын жарандарын кабыл алат. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Маалыматка караганда, Коста-Рикага баргандар Мигранттарды убактылуу кармоочу борборго жайгаштырылат. Аларга мекеменин аймагынан чыгууга тыюу салынат.

Депортацияланган мигранттардын чыгымдары америка тараптан камсыздалат.

АКШдан бара турган чет элдик жарандардын арасында 50 бала бар.

Коста-Рикага 93 адамды жеткире турган биринчи учак бүгүн барары айтылды.