Соңку жумалар Токмок, Кара-Балта жана Шопоков шаарларынын мэрлери баш болгон муниципалдык кызматкерлерди, жеке компаниялардын башчыларын кармаган чуулгандуу коррупциялык иштер менен коштолду. Андан мурун Бишкектин вице-мэри ири өлчөмдө пара алууга шектелип, анысын кайра кайтарып берип жатканда кармалып, камакка алынды. Ал эми буга чейин эки ирет камалып, “кара тизмеге” кирген жетекчиге таандык компания Нарындын жолун курууга тандалганы ачыкка чыкты.
Мына ушунун бардыгы Кыргызстандагы коррупциянын масштабы кандай экенинен жана анын өтө терең чырмалышып кеткенинен кабар берет дешет эксперттер. Мына ушул көйгөй “Талдоо Time” берүүсүндө талкууланды. Эксперттердин айтымында, жемкорлуктун алдын алуу үчүн тендерлердин ачыктыгы, казына каражатын бөлүүнүн тактыгы жана эффективдүү көзөмөл системасын киргизүү маанилүү.
Былтыр Кыргызстанда республикалык бюджеттен Кара-Балта жана Токмок сыяктуу шаарлардын инфратүзүмдөрүн оңдоого 1 млрд сомдон акча бөлүнгөн. Шаардык мэриялар жергиликтүү автопаркка автобустарды сатып алууга, жаңы гүлбактарды жана жолдорду оңдоого тендерлерди жарыялап, сатып алууларды жүргүзгөн. Коррупциялык тобокелдиктерди баалоо боюнча адистер тендерден уткан компанияларга иштин бүтүшүнө жараша казына акчасын бөлүп-бөлүп транш менен которуу, финансы агымдарына көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу ыкмалар аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу чараларын сунушташууда.
Кызматта турган жетекчилердин жоопкерчилиги
Талкууга коррупциялык тобокелдиктерди баалоо боюнча эксперт Тилек Саякбаев, президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин өкүлү, эксперт Ялкун Даутов катышты.

- Тилек мырза, суроону сизден баштасак, мурда мамлекеттик же муниципалдык чоң кызматтарда турган жетекчилер кызматтан кеткен соң гана артынан коррупциялык иштери чубалып чыкчу. Азыр эми иштеп жаткан жетекчилердин жемкорлук иштери ачылууда. Бул эмнеден кабар берет?

- “Жаман айтпай жакшы жок” деген сөз бар эмеспи. Мурда эми кызматка дайындалган жетекчилер бийликтин командасында болуп, ошолордун “өз адамы” болуп, алардын жеке иштерин аткарган үчүн “өз кадрларын” калкалаган көрүнүштөр бар болчу. Азыр эми саясий жагдай такыр башка. Азыркы учурда “өз кадрларын” калкалаган нерсе жок. Бул абдан жакшы көрүнүш.
Экинчиден, бул көрүнүш башка мамлекеттик кызматкерлер үчүн дагы абдан жакшы сабак болуп жатат. Анткени бийлик командасында болгон учурда деле, эгерде ал адам туура эмес иштерге аралашкан болсо, анда ал баары бир жооп бере турганы анык болуп калды. Коррупцияга каршы күрөш мына ушундай ыргак менен уланса, анда жакшы жыйынтыктар болот. Мурда кайсы бир жетекчи коррупцияга шектелип, же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу иштери боюнча ээлеген ордунан айдалган болсо, канча бир убакыт өткөндөн кийин эле ал адамды башка бир кызматтан көрчү элек. Азыр эми жаңыдан кабыл алынган коррупцияга каршы туруу мыйзамына ылайык, андай жетекчилер “кара тизмеге” киргизилет. Ошондой күмөндүү жетекчилерге андан ары мамлекеттик же муниципиалдык кызматка баруусуна бөгөт коюлду. Ушундай чаралар иштеп баштаса, мамлекеттик кызмат колу таза эмес адамдар үчүн аны жеке кызыкчылыкка пайдалануунун жолу болбой калат.
-Ялкун мырза, президент, УКМК төрагасы улам ар кайсы жыйында мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, “колуңар таза болсун, жемкорлуктан, пара алуудан алыс болгула” деп чакырык таштап жатат. Бир топ катаал кармоо операциялары жүрүүдө. Бирок ошого карабай ири өлчөмдө пара алган, коррупциялык чийимдерди коюп алган жетекчилердин арасы суюла элек. Мунун себеби эмнеде?

-Президент Садыр Нургожоевич биринчи күндөн тарта эле айыл аймактарынын башчыларынан баштап, мэрлерге, акимдерге жана башка мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерге катуу талап койгон. Укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлерине да айтылган. Анда мамлекет башчысы талаптар күчөтүлөрүн, коррупция менен аёосуз күрөш жүрө турганын эскерткен. УКМК төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич аймактарды кыдырып, жергиликтүү калктын арыз-арманын угуп, актив менен жолугуп, көйгөйлөрдү жеринен териштирип, тиешелүү чараларды көрүп жатат. Мына ошого карабастан, үйрөнгөн адат боюнча мамлекеттик кызматкерлер пара менен кармалып жатышат. Бул эмненин белгиси? Анткени, мамлекеттик башкаруу тутумунда отуз жылдан бери ошондой терс көрүнүштөр тамырлап кеткен. Буга чейин ага каршы күрөш болгон эмес, болсо дагы жасалма түрдө гана жүргөн. Азыр реалдуу күрөш жүрүп жатат. Ошого анын кесепеттери менен күрөшүү оңой болгон жери жок. Бул коррупция көрүнүштөрү менен жапа тырмак жана туруктуу күрөш болмоюнча аны бир күндө же бир айда жок кылуу мүмкүн эмес. Анткени бизде анализ көргөзгөндөй, адамдар кармалганы менен ар бир тармактагы коррупциялык чийимдер кала берүүдө. Эмдиги кезек мына ошол коррупцияга жол ача турган тобокелдиктерди биротоло тамырынан жок кылуу. Мына соңку бир айда эле Токмоктун, Кара-Балтанын жана Шопоковдун мэрлери коррупциялык кылмыштарга шектелип кармалганы белгилүү болду. Былтыр эле мамлекет башчысы аймактарга көңүл буруу зарылдыгын айтып, мамлекет тарабынан буга чейин болуп көрбөгөн өлчөмдө акча каражаттары бөлүнгөн. Кара-Балта менен Токмок шаарларына ар бирине эле 1 млрд сомдон республикалык бюджеттен акча берилген. Бул эмне деген акча? Бирок мына ошол тендерлердин шарттары туюк болуп, бөлүнгөн акчаны өздөштүрүүдө ар кандай азгырыктар болгону эми ачыкка чыгууда. Азыркы мезгилде талаптагыдай иш алып баруу үчүн колу таза айыл аймактарынын башчыларын, шаар мэрлерин тандап, дайындоо татаал маселе экени көрүнүп калды. Анткени жаңы дайындалган жетекчи кандай иштей турганын алдын ала билүү мүмкүн эмес экен. Анан калса чоң акча бар жерде дайыма азгырык болуп турат. Ошондуктан кээ бир жетекчилер менен ошол азгырыктарга алданып, коррупцияга аралашып кетип, президентти уят кылып коюп жатышат. Ошол көйгөйлөрдү эске алуу менен президент атайын комиссия түзүп, күздөн баштап, бөлүнгөн бардык акчанын эсебин алуу үчүн чоң текшерүүлөр жүрө турганын эскертти. Биз болсо бардык катаал чараларды киргизүүнү сунуштап жатабыз. Ошондо гана жетиштүү натыйжа болот. Азыр ар кайсы аймактардан арыз-даттануулар түшөр замат биздин саясий жетекчилик тез арада реакция жасап, текшертип, жыйынтык чыгарып жатканы абдан жакшы. Мамлекет башчысы элдин айтканын угуп, кандай гана туура эмес иштер ачыкка чыкпасын, толук чара көрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Парага кызыкпасын деген максатта муниципиалдык, мамлекеттик кызматкерлердин, укук коргоо жана сот органдарынын маяналары 4-5 эсе көбөйтүлдү. Сот залдарына видео байкоо жабдуулары коюлган. Күч түзүмдөрү, чек-ара аскерлери тиешелүү социалдык шарттар менен камсыздалууда. Бардык бюджеттик мекемелерге мамлекет тарабынан жардам берүү маселеси толук колго алынды. Бирок, коррупциялык көрүнүштөр ал жактарда дагы деле бар. Себеби жарандардын даттануулары токтой элек. Мына ушуга байланыштуу башка натыйжалуу ыкмаларды киргизүү үчүн 2030-жылга чейинки аралыкты камтыган коррупцияга каршы туруу чаралары боюнча стратегия иштелип чыкты. Анда коррупциялык иш-аракеттерди ооздуктоо боюнча үгүт-насаат иштеринен баштап, алдыңкы технологиялык чаралар да бар. Балдар бакчаларынан баштап борбордук органдарга чейинки бардык тармактар коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу чараларынын алкагында көзөмөлгө алынат.
Кытай тажрыйбасы, тобокелдикти аныктоо чарасы
- Чоң акча бар жерде дайыма азгырык бар. Адам факторунун таасирин азайта турган көзөмөл тутумун иштеп чыкса болот беле? Анткени былтыр алгачкы жолу 1 млрд сомдон капиталдык салымга деп бөлүнгөн Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мэрлерине акчаны түз эле которуу туура болгонбу? Чоң акча бөлүнүп жаткан соң, аны көзөмөлдөө жагы дагы жолго салынышы керек беле?

- Негизи, акча бөлүүгө байланыштуу процедураларды санариптештирүү керек. Борбордук казыналыктан баштап ишти аткарууга тандалган компаниянын эсебине чейин акча которуулар ачык-айкын болгон шартта уурдоо же көз боёмочулук кылуу кыйын болуп калат. Азыр жогорку деңгээлде санариштештирүү бар. Бирок жараян толугу менен төмөнкү жактарга чейин жете элек. Ошондо бүтүргөн ишине жараша транштар менен акчасын которуп бергенде чоң зыян келтирген кымтып алууларга жол берилбей калат. Бардык жерде санариптик издер турса, коррупциялык чийимдерди коюга да татаал жагдай болот. Кызмат көрсөтүүлөр менен товарлардын базар бааларын салыштырып, эсебин тактап, туура чыгарып бере турган тутум иштеп турса, андай нерселерге жол берип, тартип бузууларга барууга болбой калат. Анан алдын алуу чаралары натыйжалуу болушу шарт. Кытайдын тажрыйбасы мага абдан жакты. Жооптуу иштерге киришип жатканда, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерди топтоп туруп, абак жайларына алып барып, коррупция боюнча камакта отургандардын камераларын көргөзүшөт экен. Ошол жердеги катаал шарттарды көргөндөн кийин аларга бир нече талаптар коюлуп, ошондон соң бийликке бара тургандардын 25-30% андай жумуштарга бара албай турганын ачык эле айтып, кетип калышат. Ал эми өзүнүн напсисин башкарууга ишене тургандар ошол кызматтарында калып, аягына чейин иштеп беришет. Бул абдан натыйжалуу тажрыйба. Анткени кызматка барган жетекчилердин абак жайларындагы абал дайыма алардын эсинде болот. Эгерде коррупцияга аралашса, эмне күтүп турарын билишет. Мына ушуга окшош ыкмаларды колдонуу азыр бизде аябай зарыл болуп турат. Анткени биз коррупцияны алдын алуу маселесинде бир аз аксап турабыз. Бизде мына ушул боюнча тиешелүү иш алып бара турган орган жок болчу. Быйыл жазында президент бул иштерди алып барууну Башкы прокуратурага жүктөдү. Анан коррупциялык тобокелдиктерди баалоо маселеси өзгөчө. Бирок аны баалай турган атайын даяр ыкма жок. Ошентсе дагы, тобокелдиктерди баалоодо бир принцип бар. Бул орусча айтканда “принцип недобросоветности должностного лица” – “кызмат адамынын абийирсиздик принциби” деген эксперименталдык иш-чара. Ага коррупцияга жакын көз карашы бар, жүзү кара адам сыртынан тандалып, ал мына ошол бийликти, кызмат абалын кантип пайдаланат деген суроонун негизинде моделдештирүү аркылуу изилдөө жүрөт. Ал жерде мына ошол кызмат функцияларын аткарууда кандай коррупциялык жылчыкчалар бар экенин, мына ошол адамдын көзү менен карап, анын кызматтык жүрүм-турумун изилдеп отуруу керек болот. Мына ошол жагдайларды тобокелдик катары жазып, анан мына ошол жылчыкчалардан колдонуп кетпесин деп анан ага каршы турчу чараларды иштеп чыгышат. Мындайча айтканда, кызматта турган коррупционердин көзү менен карап же ошонун ою аркылуу кырдаалды баалап, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо бир топ натыйжалуу. Ал эми биз эксперттик көз караш менен тобокелдиктерди жазып кое берсек, анын көбү иштебейт. Себеби мына ошол коррупциялык чийим кандай болору иш жүзүндө сыноодон өтпөгөн соң, аны реалдуу шартта аныктап, кармап, далилдөо татаал болот. Ошондуктан биз алгач абалды коррупционер адамдын жүрүм-туруму менен аныктап, мына ошонун көз карашынын негизинде тобокелдиктерди аныктап туруп, анан ошого каршы тура турган чараларды киргизгенибиз туура болот. Австрияда БУУнун алдында түзүлгөн коррупциялык тобокелдиктерди баалоо боюнча академия бар. Мына ошол жакта мына ошондой ыкмалар абдан натыйжалуу экени аныкталып, үзүрүн бере баштаган. Мына ошондой ыкмаларды колдонсок, Кыргызстанда дагы оң жыйынтыктарга жетишүү шарттары болуп турат. Анан коррупциялык тобокелдик жана коррупциогендик тобокелдик деген бар. Биз дагы мына ошол экөөнү так айырмалап, бөлүп алганыбыз дурус. Биринчиси атайын жасалса, экинчиси - коррупциогендик тобокелдик деген ошого түрткү берчү жагдайлардын болушун ичине камтыйт. Биз мына ошолордун тамырларын так аныктап алганыбыз жакшы. Себеби бирөөлөр мына ошону менен кармалгандан кийин деле мына ошол жактан дагы илдет сыяктуу жугушуп, улам чийимдер чыга берет. Ошонун тамырын жулуп салмайынча ал жакта коррупциялык көрүнүштөр азайбайт.
Көзөмөл тутуму иштей баштайт
- Ялкун мырза, сиздер президенттин алдындагы Коррупцияга каршы туруу боюнча ишкер кеңеште талдоо жасап келе жатасыздар. Акча бөлүнүп жатканда же тендерлер жарыяланып баштаганда анын ар жакка кымтылып кетпешин алдын алуучу ыкмалар болушу керекпи?

- Бир топ акча каражаттары бөлүнүп жатат. Облустук макамдагы шаарларга 1 млрд сомдон акча бөлүнгөнү эле эмне деген иш. Бул эмне деген чоң акча каражаты. Мыйзам боюнча ошол акчанын бардыгы тендерлер аркылуу өздөштүрүлүшү керек. Тендерлер жарыяланат, ишти аткара турган компания тандалат. Жыйынтыгында мына ошол акча каражаты аталган компаниянын эсебине түшөт. Акча болсо казыналыктан мына ошол айыл аймактарына же шаар мэрияларына бөлүнөт. Анан арзан бааланган курулуш иштери жүрүп, жыйынтыгында сапатсыз бүткөрүлөт. Ортодо бөлүнгөн акчага бирөөлөр үлүшкө отурушу да мүмкүн. Ошентип, текшере келгенде, коррупциялык иштер орун алганы аныкталып, бети ачылып калууда. Биз мына ошондуктан тендерлерди борборлоштуруп, Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти өзү өткөрсүн деген сунуш киргизгенбиз. Мына ошондо көзөмөл абдан натыйжалуу болмок.
- Адатта териштире келгенде коррупцияга аралашкан жетекчилер бардар турмушта жашаган, ири байланыштары бар адамдар же ошол сыяктуу бай адамдардын балдары же жакындары болуп чыгат. Кадр дайындоодо коррупциялык тобокелдикти аныктоо фактору бизде кандай?
- Чынында эле бизде кадр саясаты боюнча маселе көп. Тиешелүү мамлекеттик кызматка барууда мыйзамдын талаптары бар. Ага тиешелүү квалификация керек, тажрыйба болушу шарт. Анан кайсы бир жетекчилик кызматка барууда атайын текшерүүдөн өтүшөт. Бул жерде жөн эле адам эле мэрлик кызматка бара албайт. Коррупцияга шектелип кармалган мэрлер мына ошол талаптарга жооп бергени үчүн мына ошол жетекчилик кызматтарга дайындалган. Алардын мамлекеттик кызматта бир топ тажрыйбасы бар болчу. Бирок мына ошол кадрлардын бардыгын текшерүүдө алардын коррупцияга аралашуу ниети бар же жок экенин аныктоо мүмкүн эмес экен. Аны бир дагы текшерүү ыкмасы аркылуу аныктап, алдын ала маалымат алууга мүмкүн эмес. Кимдин оюнда эмне бар экенин билүү абдан татаал. Ошондуктан бул суроого бир жактуу жооп берүү кыйын.