Көркөм гимнастика: Үч машыктыруучуга "Эмгек сиңирген машыктыруучу" наамы берилди

Спорт 16 Январь 2026 18:18
1.jpg
616172359_899646152408603_8582797677522708256_n.jpg
616647696_899646102408608_5480688943753547135_n.jpg
616952080_899645895741962_5191247237483521297_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
616172359_899646152408603_8582797677522708256_n.jpg
616647696_899646102408608_5480688943753547135_n.jpg
616952080_899645895741962_5191247237483521297_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Бүгүн көркөм гимнастика боюнча 3 машыктыруучуга "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамы тапшырылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ардак наам көркөм гимнастиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жогорку жетишкендиктери үчүн Гүлнара Мамыркулова, Жаңыл Каймазарова жана Сабина Ибраимовага тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшырган Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев машыктыруучуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, алардын тарбиялануучулары эл аралык аренада өлкөнүн намысын татыктуу коргоп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал талыкпаган эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, алдыда өтө турган көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатына даярдык иштерине ийгилик каалады.