Кореяга ишке орношуу үчүн жалпы тестирлөөгө онлайн каттоо ачылды

Коом 16 сентябрь 2026 11:20
Кореяга ишке орношуу үчүн жалпы тестирлөөгө онлайн каттоо ачылды
copyright icon www

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан EPS программасы алкагында тестирлөөгө онлайн каттоо ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, EPS-TOPIK программасы талапкерлердин корей тилин билүү деңгээлин жана кесиптик көндүмдөрүн текшерүүнү, ошондой эле иш берүүчүлөрдү табууга жана керектүү документтерди толтурууга көмөк көрсөтүүнү камтыйт.

Тестке катышууну каалагандар www.migrant.kg сайтына кирип, төмөнкү документтерди электрондук түрдө тапшыруу кажет.

• gmail.com почтасы;

• сүрөт ак фондо 3,5х4,5 өлчөмүндө, акыркы алты ай ичинде (JPG формат);

• жалпы жарандык паспорт (JPG формат);

• тестке катышуу үчүн $28 төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын сүрөтү .

Бардык документтер түшүнүктүү жана окула турган болушу керек. Төлөмдүн квитанциясы тестирлөө күнү борборго тапшырылат. Каттоодон өтүүдө тиешелүү шилтемени тандоо керек: https://register.global-workforce.app/d90ebd3e-649e-40da-986d-bc3ac12df3ad

Каттоо белгиленген катышуучулардын санына жеткен учурда жабылат. Толук маалымат борбордун расмий migrant.kg сайтында жеткиликтүү.

“Тесттен ийгиликтүү өтүү келишимди алууга кепилдик бербейт. Тестирлөөдөн өткөн жарандар 2 жылдык мөөнөткө талапкерлердин бирдиктүү реестрине киргизилет. Тизмеге киргизилген жарандарды тандоо иш берүүчү тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт, андан кийин контракт кыргыз тарапка жиберилет”, - деп белгилешти министрликтен.