Корея Бишкектин абасын тазалоого $10 млн грант бөлөт

Экология 04 Февраль 2026 11:20
627357259_891184943534636_1019582209751802928_n.jpg
627100753_891185163534614_4007432626343493958_n.jpg
627406351_891185113534619_7413942323420829724_n.jpg
627502182_891185116867952_3559342160479465345_n.jpg
Алдыга
Артка
627357259_891184943534636_1019582209751802928_n.jpg
627100753_891185163534614_4007432626343493958_n.jpg
627406351_891185113534619_7413942323420829724_n.jpg
627502182_891185116867952_3559342160479465345_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Корея Бишкекте абаны тазалоого 10 млн доллар грант бөлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде абанын сапатын жакшыртуу долбоору боюнча Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) делегациясы менен жолугушууда айтылды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө 2026-2028-жылдары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жүзөгө ашырыла турган долбоор талкууланды.

Аталган долбоор Кореянын өкмөтү тарабынан 10 млн долларга чейин кайтарымсыз жардам көрсөтүүнү карайт.

Ошондой эле абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгууга, ошондой эле мамлекеттик билим берүү мекемелеринде экологиялык жактан таза жылытуу системаларын киргизүүгө багытталган.