Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Korean Air компаниясы ири иммиграциялык рейдде кармалган түштүк кореялык 300дөн ашык жумушчуну мекенине алып келүү үчүн АКШга учак жиберет. Бул тууралуу “Рёнхап” агенттиги билдиргенин Коммерсант гезити жазды.
Маалыматка караганда, 4-сентябрда Жоржия штатындагы Hyundai Motor Group-LG Energy Solution Ltd аккумулятор заводунда иштеген 475тей жумушчу кармалып, айрымдары бошотулган. Америкалык кызматтар алардын АКШда мыйзамсыз иштеп жүргөнүн жана көбүндө иштөөгө тыюу салган кыска мөөнөттүү же эс алуу визалары болгонун аныкташкан.
Учак Инчхон аэропортунан учуп, Атлантага барат. Ал жакка түштүк кореялык жумушчуларды АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматынын (ICE) Фолкстон шаарындагы (Атлантадан 428 км алыстыкта) убактылуу кармоочу жайдан ташуу пландалып жатканы айтылды.
Түштүк Корея өз жумушчуларын депортация кылбай, АКШдан өз ыктыяры менен чыгып кетүүсүнө аракет көрүп жатат.
Белгилүү болгондой, АКШнын иммиграция органдары башында эки жолду сунушташкан: дароо депортациялоо жана АКШга беш жылга кирүүгө тыюу салуу же бир айга сот процессине байланыштуу камакта болуу.