Коопсуздук эрежесин сактабаган курулушка эскертүү берилди

Коом Загрузка... 20 Апрель 2026 15:10
553270304_356657618_tqn5IdA.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкекте, 20.04.26. /Кабар/. Бишкекте курулуш объектисине эскертүү берилди

Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгына жарандардан видео кайрылуу келип түшкөн. Анын негизинде адистер курулуш объектисине текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Шопоков көчөсү, 121 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу көп функционалдуу комплекстин курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай, объект атайын тосмо менен курчалган эмес экени аныкталган.

“Аталган факт боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн “Танар Групп” ЖЧКсына расмий түрдө эскертүү берилди. Натыйжада бүгүнкү күндө курулуш объектисине тосмо орнотулду”,–деп айтылат маалыматта.