Бишкек, 06.01.26 /Кабар/. Ички иштер министрлиги мындан ары жол кыймылын заманбап мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Анда белгиленгендей, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына “Кызмат” ишканасынын IT-адистери иштеп чыккан мобилдик тиркеме орнотулган планшеттер берилди.
Азыркы учурда жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер планшеттерди колдонуп, айдоочулар жана автоунаалар тууралуу маалыматты ыкчам текшерүүдө. Атап айтканда, базадан жарандын өздүгү, айдоочулук күбөлүгү, издөөдө бар же жоктугу боюнча толук маалыматтар чыгат. Ошондой эле автоунаанын каттоосу, кошумча жабдыктардын орнотулуусу, айнек караңгылатуу уруксаты, автоунаанын издөөдө бар же жоктугу, айып пулдар сыяктуу бир катар маалыматтар камтылган.
Белгилей кетсек, “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында иштелип чыккан заманбап мобилдик тиркеме жана ал орнотулган планшеттер кызматкерлердин кызмат өтөөсүн бир кыйла жеңилдетип, маалыматтарды ыкчам алууга шарт түзөт.