Коомдук транспортко шарттар: Бишкекте кайрадан атайын тилке чийилди

Коом 8 декабрь 2025 11:50
Коомдук транспортко шарттар:  Бишкекте кайрадан атайын тилке чийилди
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорт жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бул ирет И.Ахунбаев көчөсүнүн Ж.Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейинки 2 чакырымдан ашык бөлүгүнө коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилке уюштурулду.

Анда атайын тилкеге сары жол белгилери түшүрүлдү.