Конституциялык соттун ишмердүүлүгү санариптештирилет – артыкчылыктары

Жогорку Кеңеш Загрузка... 25 Июнь 2026 13:00
SAG_3256.2e16d0ba.f.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алынды.

Парламенттен билдиришкендей, аталган маанилүү мыйзам долбоорун президент сунуштаган.

Жыйында маалымат берген Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Курманалиева бул өзгөртүүлөрдүн максатын түшүндүрдү.

Анын айтымында, сунушталган конституциялык мыйзам долбоору сот тутумун заманбап форматка өткөрүүгө багытталган.

"Жаңы мыйзамдын негизги максаттары Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, сотко кайрылууга укугу бар тараптардын (субъекттердин) мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, сот өндүрүшүнө заманбап санариптик механизмдерди киргизүү, Конституциялык сот тарабынан кабыл алынган чечимдердин жана актылардын өз убагында, натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу болуп саналат", - деди ал.