Бишкек, 11.08.25. /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасынын (КДР) Букаву шаарында өрттүн кесепетинен алты мектеп жана эки медициналык борбор күйүп кетти. Бул тууралуу Actualité порталы шаар бийлигине шилтеме кылып билдиргенин, Известия жазды
Маалыматка караганда, өрт 1 миңден ашык имаратты кыйратканы такталды. Шаарда алты мектеп жараксыз абалга келип, окуучулардын өздүк делолору жана башка маанилүү документтер дагы күйүп кетти.
Мындан тышкары, эки ден соолукту чыңдоо борбору, анын ичинде карылар үйү да өрттөндү.
Шаар бийлиги 13 кишинин каза болгонун да кабарлады. Actualité үй-жайсыз калган миңдеген адамдардын көчөдө уктоого аргасыз болгонун белгилеген.
Шаар бийлиги өлкө жетекчилигинен жана гуманитардык уюмдардан имараттарды калыбына келтирүүгө жардам сурап жатат.
Букавуда өрттүн көбөйүшү ар бир кургакчыл мезгилде күн батареяларын жана аккумуляторлорду туура эмес колдонуудан, ошондой эле жергиликтүү тургундар үйлөрүндө күйүүчү майды сактагандыктан улам байкалары айтылууда.