Конгодо паром оодарылып кеминде 100 адам каза болду

Дүйнө 16 апрель 2025 18:00
Конгодо паром оодарылып кеминде 100 адам каза болду

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасынын Мбандака шаарында паром оодарылып кеминде 100 адам каза болду. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, паромдун оодарылып кетишине өрт себеп болгон. Ал эми өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.

Эске салсак, буга чейин Чилиде да кеме чөгүп, төрт адам каза болуп, жети адам дайынсыз жоголгон. Окуя болгон учурда кемеде болжол менен 32 жүргүнчү болгон.