Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Конгонун Ломами улуттук паркындагы калың тропикалык токойлордон мурун илимге белгисиз болгон маймылдын жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу BBCге таянып Казинформ кабарлады.
Жаңы түргө кирген маймылдын өзгөчөлүгү — кызгылт сары түстөгү эриндери жана каралыгы. Ал дарактардын бийик бутактарында жашап, сейрек кездешкендиктен окумуштууларга көпкө чейин белгисиз болуп келген.
Бул жаныбар алгач 2008-жылы жаратылышты коргоо боюнча адистер тарабынан байкалган. Бирок ошол учурда анын бир гана бүдөмүк сүрөтүн тартууга мүмкүн болгон. Он жылдан кийин маймыл кайрадан кездешип, ага карата эл аралык изилдөөчүлөр тобу атайын экспедиция уюштурган.
Изилдөөнүн жүрүшүндө окумуштуулар аудио жазууларды, фотоматериалдарды жана генетикалык анализдерди колдонушкан. Натыйжада бул маймыл илимге мурда белгисиз болгон өзүнчө түр экени тастыкталды.
Изилдөөгө Флорида Атлантика университетинин аспиранты Жуниор Амбоко жетекчилик кылган. Илимий эмгектин жыйынтыгы PLoS One илимий журналына жарыяланды.
Белгиленгендей, бул акыркы 75 жыл ичинде Африкада аныкталган бешинчи жаңы маймыл түрү болуп саналат.