Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Конго Эбола вирусунан каза болгондордун саны 304 адамга жетти. Өлкөдө оорунун 1 155 учуру лабораториялык жактан тастыкталганын РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, эпидемия азыркы учурда Итури, Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларында активдүү бойдон калууда.
Буга чейин өлкөдө Эболадан 277 адам каза болуп, 1094 учур катталганы маалымдалган. Ошондой эле оорудан каза болгондордун үлүшү 26,3 пайызга жетип, мурунку маалыматка салыштырмалуу 1 пайыздык пунктка жогорулаганы белгиленди.
Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго менен Угандада Эбола вирусунун жайылышына байланыштуу кырдаалды өзгөчө абал катары баалап, анын башка өлкөлөргө да жайылуу коркунучу жогору экенин билдирди.